www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин РИИБге арыз менен А.Ж. аттуу жаран кайрылып, анда өзүнүн таанышы М.Б.га карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
Ал, арыз ээсинин ишенимине кирип жана алдамчылык жолу менен, 2025-жылдын февраль айында арыз ээсине таандык Lexus JX 460 үлгүсүндөгү, ак түстөгү, 2020-жылы чыгарылган, баасы 60 000 АКШ долларына бааланган автоунааны сатып алам деген шылтоо менен 1000 АКШ доллары өлчөмүндө алдын ала төлөм берип, калган акчаны 10 күндүн ичинде төлөп берем деп убада кылып, бирок ушул күнгө чейин төлөп берген эмес.
Аталган факт боюнча КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган М.Б. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.