www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мечиттердин биринде колунда ымыркайы менен кайырчылык кылган жаран аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши баласы ооруп, дарыланууга муктаж экенин айтып, жарандардан акча сураган.

Милиция жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө баланын ден соолугу чың экени жана видеодо айтылган оорунун белгилери жок экени аныкталган.

Укук коргоо органдары видеодогу жаранды 1988-жылы туулган А.Ы. экенин аныкташкан. Анын жанында 2026-жылы туулган уулу болгон.

Аталган жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин 1-бөлүгү («Тилемчилик») боюнча протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, үй-бүлөнүн жана баланын жашоо шарттары текшерилип, тиешелүү материалдар социалдык коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Милиция жарандарды акчалай жардам көрсөтүүдөн мурда кайрылган адамдар тууралуу маалыматтарды жана аны тастыктаган документтерди текшерүүгө чакырды.

Последние новости