www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Якутиянын ири театрынын спектакли тартууланды

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында Якутиянын ири театрынын спектакли тартууланды.

Эске салсак, Саха Республикасынын Д.К. Сивцев атындагы мамлекеттик опера жана балет театры гастролдук сапар менен Бишкекке келген.

 

24-апрелде көрүүчүлөргө Якутиянын белгилүү эпосунун негизинде даярдалган "Нур баатыр" (Ньургун Боотур) операсы тартууланган. Эпос ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын оозеки материалдык эмес маданий мурасынын шедеври деп таанылган. Спектаклдин режиссеру Россия менен Якутиянын эл артисти Андрей Борисов.

Чыгармачыл топ 26-апрелде заманбап хореография менен концерт берет. Артисттер театрдын башкы балетмейстери, Россия жана Якутиянын эмгек сиңирген артисти Екатерина Тайшина даярдаган "Геометрия движения" жана "Сияющий камень" эки актылуу балет премьерасын коюшат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости