www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 27-июнда вакциналарды сактоо үчүн жаңы шаардык кампанын курулушу башталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор иммунизация системасын чыңдоого жана иммунобиологиялык препараттарды ишенимдүү сактоону камсыз кылууга багытталган.

Курулушту ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоордун наркы 107 миң доллардан ашат. Каржылоо Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (Gavi) каражаттарынын эсебинен ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Кампа вакциналарды сактоого карата коюлган эл аралык талаптарга жооп берет. Ал муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулар, температураны жана нымдуулукту күнү-түнү көзөмөлдөөчү автоматташтырылган система, ошондой эле электр энергиясы менен камсыз кылуучу резервдик булактар менен жабдылат. Бул вакциналарды сактоонун жана жеткирүүнүн бардык баскычында «муздак чынжырды» сактоого мүмкүндүк берет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков белгилегендей, жаңы кампанын курулушу өлкөдөгү иммунопрофилактика системасын өнүктүрүүнүн маанилүү баскычы.

Министрликтен түшүндүрүшкөндөй, жаңы объектти куруу зарылдыгы Бишкек шаарынын калкынын санынын өсүшүнө жана вакциналарды сактоо көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу. Жаңы кампа борбор калаанын саламаттыкты сактоо уюмдарына иммунобиологиялык препараттарды өз убагында жана коопсуз бөлүштүрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле инфекциялык оорулардын мүмкүн болгон чыгышына жана башка өзгөчө кырдаалдарга карата тармактын даярдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Последние новости