www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 5-10-ноябрь күндөрү «Притон» рейди өттү. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүгө шаардык милициянын кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана аймактык ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.
Жыйынтыгында милицияга 41 кыз жеткирилип, аларга карата тиешелүү тергөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан тышкары 12 сауна жана 26 мейманкана текшерилип, алардын ээлери менен администраторлор Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгы боюнча интимдик кызмат көрсөткөн 12 аялга карата Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протоколдор түзүлдү.