www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өтүп жаткан "Притон-Бабочка" рейдинин алкагында 250дөн кыз тергөөгө жеткирилди. Бул туурасында Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Башкармалыктан билдиришкендей, профилактикалык иш-чара 12-апрелде башталган. Милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөтүлөт делген жерлерди - сауналарды, мейманканаларды жана ижарага берилген батирлерди текшерүүдө.

Профилактикалык иш-чаралар башталгандан тартып, 6-майга чейин милиция кызматкерлери тарабынан 250дөн ашык кыз аныкталып, райондук бөлүмдөргө жеткирилип, ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иштери козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 4 адамга жогорудагы беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле турак жайлардын менчик ээлерине карата райондук мамлекеттик администрациялардын Коомдук коопсуздук кызматынын участкалык милиция кызматкерлери тарабынан КР 112-беренесине (Көп батирлүү турак жайларда турак жайларды пайдалануунун эрежелерин бузуу) ылайык протоколдор түзүлүп, 5500 сом айып салынды. Айыптын жалпы суммасы 50 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө жана сойкуканаларды уюштурууга тиешеси бар жарандарды аныктоо иштери улантылууда.

Бишкек ШИИББден борбор калаанын тургундарына жана конокторуна кайрылып, интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жайлар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: Whatsapp 0(701) 700-251, 0(312) 43-73-75 жана 102. Анонимдүүлүк кепилденет.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости