www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталганын шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каргаша «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында болгон.

25-мартта болжол менен саат 20:30да, 2001-жылы туулган Н.И.А. аттуу мотоцикл айдоочусу Шабдан баатыр көчөсү, 41Б дарегинде жайгашкан дүкөндүн унаа токтотуучу жайында «Yamaha» үлгүсүндөгү мотоцикли менен бара жатып, 2007-жылы туулган С.Д.В. аттуу жөө адамды сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен өспүрүм мээси чайкалган абалда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин аракеттерине карабай, ал реанимацияда каза болгон.

Мотоцикл айдоочусу да оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. 

Бул факт катталып, транспорт каражаты атайын айып короого токтотулуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Последние новости