www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын тескөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-августта Бишкек шаарында "KIA MORNING" үлгүсүндөгү автоунаанын 2002-жылы туулган И.У.Х. аттуу айдоочусу транспорт каражатын мас абалында башкаргандыгы үчүн Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын полкунун кызматкерлери тарабынан токтотулуп, ага карата тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы айып короо жайына токтотулган.

Кийин айдоочунун таанышы ушул маселени оң жагына чечүү максатында Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын башка кызматкерине пара сунуштаган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 6-август күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын тескөөчүсүнө иш бөлмөдөн айдоочунун таанышы болгон чет өлкөлүк жаран 2001-жылы туулган Б.М.Т. 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.

Чет өлкөлүк жаран камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүгө жатат.

 

 

 

 

 

Последние новости