www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Мээрим» кайрымдуулук акциясы өттү

Бишкек шаарында күн мурун социалдык мекемелерди колдоого багытталган «Мээрим» кайрымдуулук акциясы өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Акция «Shanghai Construction Engineering Co. LTD» компаниясынын жана «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезитинин редакциясынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн стационардык социалдык мекемесинде жана «Айданек» турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборунун базасында өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Дунканаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова, ошондой эле 9 социалдык мекеменин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле ардактуу коноктордун катарында «Shanghai Cooperation» компаниясынын башкы директору Хуанг Жианжун, «Жибек жолу» редакциясынын директору Янг Хай Бо жана укуктук маселелер боюнча директордун орун басары Даулет Мейманкулов катышты.

Акциянын алкагында «Үмүт үйү» социалдык мекемесине жана "Айданек" турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборуна  азык-түлүк топтомдору, гигиеналык каражаттар жана тиричилик техника тапшырылды. Калган социалдык мекемелерге жардам алардын жайгашкан жерлерине даректүү түрдө жеткирилет.

Расмий бөлүктө катышуучулар тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган жарандарга жардам көрсөтүүгө багытталган мындай демилгелердин өзгөчө мааниси, ошондой эле коомдо боорукерлик, социалдык жоопкерчилик жана өз ара жардамдашуу принциптерин өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Рамазан айында өткөрүлгөн бул акция иш-чарага өзгөчө руханий маани берип, муктаж адамдарды колдоодо мамлекеттин, бизнестин жана коомдун биримдигин чагылдырды.

Последние новости