www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте заманбап IT-хаб курула турганын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, бул иштер Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

"Бул жакшы жабдылган ири IT-хаб болот. Анда жылына беш миңге чейин мамлекеттик кызматкерлер окутулуп, квалификациялары жогорулатылат. Объект борбордун жогорку бөлүгүндө жайгашат. Учурда жер тилкеси аныкталып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда", — деди Жамангулов.

Санарип инфраструктурасын түзүү долбооруна кореялык тарап 14 миллион доллар бөлөрү мурда маалымдалган.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости