www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте лифт орнотуп жаткан жумушчу 10-кабаттан кулап, каза тапты. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Алдын ала маалыматка ылайык, 10-майда 1994-жылы туулган Э.В. жогорку кабатта лифт жабдууларын орнотуу иштерин аткарып жаткан. Милиция маалымдагандай, ал коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 10-кабаттан лифт шахтасына кулап кеткен. Алган жаракаттарынан улам жеринде каза болгон.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча каттоого алынып, подрядчы уюмдун коопсуздук боюнча А.Н. аттуу жооптуу кызматкери шектүү катары кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө подрядчылардын жана курулушчулардын өкүлдөрү суралды.

Последние новости