www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Б.Б., аттуу чала тааныш «Ж.» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анда 2025-жылдын 1-ноябрында борбор калаадагы чоң соода базарлардын биринде ишенимге кирип, алдоо жолу менен 564 миң сом суммасындагы аялдардын кийим-кечелерин сатууга алып, белгиленген убакытта акча каражатын кайтарбай, убадасын аткарбастан изин жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган Я.Ж., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө иштери улантылууда.

Последние новости