www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандарга арналган көркөм паннонун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Панно Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги Old Bishkek жер алдындагы соода борборунун кире беришине орнотулган. Композициянын узундугу 27 метр, бийиктиги 6,4 метрди түзөт.

Долбоордун негизги максаты — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын даңазалоо, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана мекенчилдик баалуулуктарды жайылтуу. Паннодо мамлекеттүүлүктүн калыптанышына чоң салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин элестери чагылдырылган.

Ачылыш аземине Мамлекеттик катчы , Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри , Кыргыз Республикасынын Баатыры , Соода-өнөр жай палатасынын президенти жана башка мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр жаңы панно тарыхый эстутумду сактоого, улуттук тарыхты жайылтууга жана жаштарды ата-бабалардын мурасын урматтоого үндөгөн маанилүү маданий объект болорун белгилешти.

Последние новости