www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө Ветеринардык кызматтын бир топ кызмат адамдары көзөмөл-уруксат берүү функцияларын аткарууда коррупциялык схемаларды уюштуу фактысы боюнча кармалышты.

Тергөө тарабынан аныкталгандай, кармалгандар эт продукциясын импорттоо үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү жана тиешелүү квотаны бөлүп берүүдө мыйзамсыз акча каражаттарын алуу ишине катышкан.

Мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана улук инспектору кылмыш үстүндө кармалды. Алар КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтенип жаткан кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости