www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдаган 13 жогорку окуу жай мамлекеттик аккредитациядан өтпөй калды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы талаптарга ылайык бардык медициналык окуу жайлар 2026-жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө тийиш болчу.

Белгиленген талаптарды аткара албаган окуу жайлар билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүү укугунан ажырайт.

Аккредитациянын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети, Кыргызстандын Эл аралык университети, Эл аралык жогорку медицина мектеби жана С. Тентишев атындагы Азия эл аралык университети 6 жылдык мөөнөткө мамлекеттик аккредитация алышты.

Ал эми Авиценна эл аралык медициналык университети, АДАМ университети, Салымбеков университети, Ала-Тоо эл аралык университети, Ош эл аралык медициналык университети баш болгон жалпы 13 окуу жай талаптарга жооп бере алган эмес.

Министрликтин маалыматына ылайык, баалоо окутуучулардын курамынын сапаты, клиникалык базалардын жетиштүүлүгү, материалдык-техникалык камсыздоо жана билим берүү программалары боюнча жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдаган 34 жогорку окуу жай иш алып барат. Алардын ичинен 24ү мамлекеттик аккредитациядан өтүү үчүн арыз берген.

Последние новости