www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-октябрда борбор калаада ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйыны өтүп, ага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев төрагалык кылды.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, жыйында Бишкекте курулуп жаткан эки ири объект расмий аталыштарына ээ болду.

"Жаңы курулуп жаткан, 51 миң орундуу стадион “Азаттык Арена”, ал эми заманбап конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталат. Объектилердин аталышын урматтуу президентибиз менен кеңешип, талкуулагандан кийин чечтик", – деди Туманбаев.

Каныбек Туманбаев бул чечимди өлкө тарыхындагы маанилүү окуя катары баалап, мындай масштабдуу долбоорлор биринчи жолу ишке ашып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бул курулуштар эркиндикти, берекени жана жаңыланууну чагылдырган символ болуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга өбөлгө түзөт.

Последние новости