www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд шаарында өтүп жаткан Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) 8-Ассамблеясынын алкагында Борбор Азия мамлекеттери ак илбирсти, башка жапайы жаныбарлардын түрлөрүн жана тоолуу экосистемаларды коргоо боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашты.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле Глобалдык экологиялык фонд, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Тараптар ГЭФ-9 программасынын алкагында жаратылышты коргоого багытталган жаңы инвестициялык демилгелерди жана ак илбирсти, башка трансчек аралык жапайы жаныбарларды сактоо боюнча аймактык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргызстан ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча эл аралык демилгелерде лидерлик позициясын сактап келе жатканын белгиледи.

Анын айтымында, өлкө Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын (GSLEP) демилгечилеринин жана активдүү катышуучуларынын бири болуп саналат.

Ошондой эле Кыргызстан экологиялык коридорлорду өнүктүрүүгө, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүгө, жапайы жаратылышка мониторинг жүргүзүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө жана жергиликтүү жамааттарды жаратылышты коргоо иштерине тартууга даяр экенин дагы бир жолу ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча ГЭФ-9 алкагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген биргелешкен документке кол коюшту.

Бул кадам аймактагы уникалдуу жаратылыш мурастарын коргоо боюнча өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Последние новости