www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билирди.

Иш-чаралар борбор калаанын бир катар түнкү клубдарында жана барларында өтүп, баңгизат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланышкан кылмыштарды алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталды.

Рейддердин жүрүшүндө колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын сактоого, ошондой эле жарандардын, анын ичинде жаштардын көп жүргөн жерлеринде тыюу салынган заттардын жайылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Көңүл ачуучу жайлардын администрациялары менен Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары жөнүндө алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жетекчилерге ички көзөмөлдү күчөтүү жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү зарылдыгы эскертилди.

ИИМдин БМЖКККсы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана коомдо баңгизатка каршы туруктуу чөйрөнү калыптандыруу максатында мындай иш-чараларды улантат.

Последние новости