www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, туристтик кызматтардын экспортунан түшкөн киреше 1,098 миллиард долларга жетип, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагында олуттуу өсүштү көрсөттү. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 8,1% жогору.

Бүгүнкү күндө туризм экономикадагы негизги тармактардын бири болуп, жумуш орундарын түзүүгө, аймактарды өнүктүрүүгө жана башка тармактарга мультипликативдик таасир берүүгө көмөктөшүүдө. Жыл жыйынтыгы боюнча туризмдин ички дүң продукциядагы үлүшү 3,8% түзүп, жалпы кошумча наркы 74,4 миллиард сомго жетти.

Учурда туристтик тармакта 129 миңге жакын чарба субъектилери иш алып барууда. Жетишилген жыйынтыктар, Кыргызстандын туризми жаңы этапка өтүп, системалуу өсүштүн, эл аралык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн этабын чагылдырат.

Последние новости