www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Ош облусунун Араван районунун активи жана жашоочулары менен жолугушту.
Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өттү.
Тургундар менен болгон диалогдо социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык мүнөздөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде мектептерди жана бала бакчаларды куруу, иштеп жаткан билим берүү мекемелерин кеңейтүү, калкты жер тилкелери менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны өнүктүрүү, ошондой эле газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жергиликтүү инфратүзүм маселелери көтөрүлдү.
Жарандар ошондой эле айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылуу, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу, социалдык объектилердин курулушун аяктоо, ошондой эле жол, коммуналдык жана социалдык инфраструктураны модернизациялоо зарылчылыгына байланыштуу суроолорун беришти.
Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына ар бир кайрылууну карап чыгууну, толук чараларды көрүүнү жана аларды кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.
Аны менен катар Президент өлкөнүн бардык аймактарында суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди (СЖБ жана ДЖБ) куруу боюнча масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып жатканын, бул жакынкы жылдары сугат суу менен камсыздоо маселесин толугу менен чечүүгө жана агрардык секторду турукташтырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Садыр Жапаров жер тилкелерин берүү маселелерине токтолуп, жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, айыл чарба жерлерин сактоо артыкчылык бойдон кала берерин айтты. Ошону менен бирге ал турак жай маселелерин чечүү максатында көп кабаттуу үйлөрдү куруу жандандырылаарын билдирди.
Билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент жергиликтүү бийлик органдарына мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди курууга даяр инвесторлорго жана жарандарга жер тилкелерин кайтарымсыз негизде берүүнү тапшырды жана мамлекет мындай демилгелерди ар тараптан колдой турганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, айтылган бир катар көйгөйлөр, анын ичинде жерлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугу, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгү жана мүмкүн болгон мыйзам бузуулар фактылары боюнча укук коргоо органдарына ар тараптуу текшерүү жүргүзүү жана тиешелүү маалымат берүү тапшырмасы берилди.
Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы жарандардын бардык кайрылуулары көзөмөлдө экенин баса белгилеп, алардын ар бири боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынарына ишендирди.