www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 9-апрелинде кыргыз сүрөтчүсү Жумабүбү Артыкбаеванын «Түбөлүктүүлүк мурасы» аттуу жеке көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Көргөзмө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жана анын философиялык дүйнөсү менен үндөш көркөм изденүүлөрдү сунуштайт.
Жумабүбү Артыкбаева өз чыгармаларында кыргыз элинин салттуу дүйнөтаанымын заманбап көркөм тил менен айкалыштырат. Сүрөтчүнүн бала чагындагы табият элестери, турмуштук көрүнүштөр жана улуттук каада-салттар анын чыгармачылыгынын негизги булагы болуп саналат. Ал чий, кийиз, жүн жана жип сыяктуу салттуу материалдарды колдонуу аркылуу терең мазмундуу образдарды жаратат.
Көргөзмөгө живопись, декоративдик-колдонмо искусство жана инсталляция жанрындагы 100гө жакын чыгарма коюлат. Экспозицияда салттуу шырдак, ала кийиз жана чий иштеринин жаңыча чечмелениши живопистик полотнолор менен айкалышып, көрүүчүлөргө уникалдуу көркөм мейкиндик тартуулайт.
Автор өз эмгектеринде актуалдуу социалдык темаларды көтөрөт: аялдын тагдыры, балалыктын аярлыгы, муундардын байланышы, адамдын жаратылыш алдындагы жоопкерчилиги. Бул темалар анын көркөм тилинде терең эмоционалдык жана философиялык деңгээлде ачылат.