www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин борборунда абанын сапатынын индекси (AQI) 700дөн ашып, 709 көрсөткүчүнө жетти. World Air Quality уюмунун маалыматына ылайык, бул деңгээл адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу деп бааланат. Ошол маалда Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарына кирип, Индиянын Делисинен кийинки экинчи орунду ээледи.
Шаардын ар кайсы аймагында көрсөткүчтөр ар түрдүү болууда. Борбордун айрым бөлүктөрүндө индекс 225–250ден жогору көрсөтүүдө. Ал эми аба таза деп эсептелиши үчүн AQI 50дөн төмөн болушу керек.
Адистер өзгөчө балдарды, кары-картаңдарды, кош бойлууларды жана жүрөк-өпкө оорусу бар адамдарды сыртка чыкпоого чакырууда. Бардык шаардыктарга дене көнүгүүлөрүн сыртта жасабоого, коргоочу беткап тагынууга жана мүмкүн болсо үйдө болууга кеңеш берилди.
Акыркы жылдары күз-кыш мезгилинде Бишкектеги ыш жана түтүн негизги экологиялык көйгөйгө айланып, айрым учурларда жаңы конуштарда абанын булганышы 900гө чейин жеткени айтылууда.