www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалганын Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Алсак, 23-январында милицияга М.М. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2026-жылдын 22-январында өздөрүн УКМКнын, ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен аны жаңылыштыкка түртүшкөн.

Кылмышка шектүүлөр жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүп, коркутууларды колдонуп, үчүнчү жактар менен байланышууга тыюу салып жана башка таасир этүү ыкмаларын пайдаланган. Натыйжада жабырлануучу алардын таасиринде калып, өзгөчө ири өлчөмдө — 9 123 470 сом акча каражатын которуп берген.

Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана атайын техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.И. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, тергөөнүн алкагында дагы беш адам аныкталып, тергөө органдарына жеткирилген. Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости