www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарында 21.6 млн сомго сейил бак курулууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Талас шаарында борбордук сейил багы курулууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 21,6 миллион сомду түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу шаардын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Башкы планга ылайык, сейил бактын аянты 1,5 гектарды түзүп, анда 8 аттракцион, оргума, эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү иштери каралган.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80 пайызга аткарылып, учурда тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости