www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлигинде шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Альберт Махметкуловдун жетекчилиги алдында өттү.
Жыйында министрликтин жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине шайлоонун үгүт иштерине кандай гана формада болбосун катышууга тыюу салынары айтылды.
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бул талапты бардык билим берүү уюмдарына, ошондой эле облустук, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнө жеткирүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.