www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте №6 каттам боюнча жүргөн автобус салондогу окуядан улам убактылуу линиядан чыгарылды.
Муниципалдык ишкана «Бишкек шаардык транспорту» билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн бири санитардык талаптарды одоно бузуп, автобустун ичин булгаган.
Окуя башка жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткандыктан, автобус автобазага жөнөтүлдү. Ал жерде салон толугу менен тазаланып, дезинфекция жүргүзүлдү.
Тазалоо иштери аяктагандан кийин автобус кайрадан каттамга чыкты. Ишкана жүргүнчүлөрдөн убактылуу жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.