www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда каза болгон 25 жаштагы келиндин өлүмү боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, аял 10-июлда ооруканага каза болгон абалда жеткирилген. Маркумдун апасы укук коргоо органдарына кайрылып, кызынын өлүмүнүн себептерин аныктоону өтүнгөн.
Окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, тиешелүү буюмдар далил катары алынган. Ошондой эле маркумдун өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери уланууда. Айрым маалыматтарда келин ур-токмоктон улам каза болгону айтылууда, бирок бул жагдайлар иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен такталат.