www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Беларус көчөсүндө 28-февралда болжол менен саат 08:35те бир кыз турак үйдүн 10-кабатынан секирген. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган окуя тууралуу маалымат «102» кызматына түшкөн. Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам-иликтөө тобу дароо жөнөп кеткен.
Текшерүү учурунда каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал 2008-жылы туулган, З.К. аттуу жаран болуп чыккан.
Бул факт катталып, ага карата алдын ала текшерүү иштери башталды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, керектүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Окуянын чоо-жайы такталууда.