www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек соту Абакировдун даттануусун четке какты

Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо №26 Чүй–Кемин округунан талапкер болгон Элдар Абакировдун арызын канааттандырган жок. Ал шайлоодо мыйзам бузуу болгонун айтып, жыйынтыкты жокко чыгарууну суранган.

Алты саатка созулган сот отурумуна талапкердин өзү, өкүлдөрү, БШКнын өкүлү жана ЖМКлар катышты. Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматова сот ишти бир тараптуу карап, күбөлөрдү чакыруу тууралуу өтүнүчтөрдү четке какканын билдирди. Анын айтымында, чечим формалдуу мүнөздө кабыл алынып, БШКнын позициясы негизсиз колдоого алынган. Коргоо тарабы сот чечимине каршы даттана турганын билдирди.

Элдар Абакиров шайлоодон кийин Кемин районунда акча таратуу фактысы болгонун, 460 миң сом менен бир нече адам кармалганын айтып чыккан. Ал бул иш толук териштирилбесе, округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча таратуу ишине талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү тиешеси бар экенин билдирген. Бирок БШК бул факт талапкердин өзүнө байланыштуу эмес деп таап, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес. Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы №26 округ боюнча жеңүүчүлөр катары Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев жана Жамила Исаеваны тааныган.

Последние новости