www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын тургуну мурда жарандык никеде жашаган жаранга карата көп аял алуу фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылды. Ленин райондук ИИБ бул маалыматты ырастап, иш аймактык караштуулугуна ылайык Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөнүн билдирди.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси боюнча эки же андан көп аял алуу негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде чечим кабыл алынары маалымдалды.
Социалдык тармактарда Хабиби Уланова аттуу колдонуучу арызынын негизинде мурдагы жолдошу милицияга чакырылганын билдирип, никеге байланыштуу сүрөттөрдү жарыялаган. Ал ортодо оорулуу баласы бар экенин жана баланын атасы жардам бербей жатканын айткан. Уланова сөз болуп жаткан адам Чүй облусунун мурдагы губернатору Мирбек Мияров экенин билдирүүдө.
Бул дооматтарга экс-губернатор азырынча комментарий бере элек. Бирок июль айында өзүн Айсулуу Алтымышева деп тааныштырган аял пресс-конференция өткөрүп, Мияровдун 18 жылдан берки мыйзамдуу аялы экенин, беш баласы бар экенин жана Уланова алардын үй-бүлөсүн бузууга аракет кылганын айткан. Анын айтымында, Уланова төрөгөн балага жардам катары автоунаа, батир берилип, бизнес ачууга да көмөк көрсөтүлгөн.
Эске салсак, Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекске” ылайык бир гана расмий нике таанылат. Эки же андан көп аял алган адамдар айып пулга, коомдук же түзөтүү жумуштарына тартылат. Айып пулдун өлчөмү 50 миңден 100 миң сомго чейин каралган. Коомдо көп аялдуулук маселеси кеңири иликтене элек болгондуктан, расмий статистика да жок.