www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев айлыгы тууралуу маалымат купуя эмес экенин билдирди.
Телеканалга берген маегинде мэр өзүнүн негизги айлыгы 96 миң сом же айына болжолдуу кошумчалар менен 100 миң сом экенин айтты. Бирок, Айбек Жунушалиевдин айтымында, ал мамлекеттен эч кандай атайын жеңилдиктерди албайт.
Мэр мурда мамлекеттик кызматкерлер үчүн кошумча бонустар жана жеңилдиктер болгон болсо, азыр мындай артыкчылыктар дээрлик жок экенин жана баары бирдей шарттарда иштей турганын белгиледи.
Айбек Жунушалиев жакында эле операция болуп, шаардык ооруканада дарыланганын түшүндүрдү. Ал кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жеке баалоо жана саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн кадимки медициналык мекемени тандап алганын баса белгиледи.