www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-февралында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.  Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев өздүк курамды майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө- «Урматтуу кесиптештер бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм, ар бириңиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм, элибизде ар дайым тынчтык жана аманчылык болсун. Өлкөбүз өнүгүп-өсө берсин. Биз, ички иштер органдарынын кызматкерлери, коомдук коопсуздукту камсыздоого өз салымыбызды кошо берели. Ошондой эле 20-февралда белгиленген Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКАК кызматынын кесиптик майрамы менен да куттуктайм. Бул кызмат түзүлгөнүнө быйыл 35 жыл толду. Ушул жылдар аралыгында сиздер кызматтык милдеттериңиздерди так жана жоопкерчилик менен аткарып келе жатасыздар. Иштериңиздерге мындан ары да ийгилик каалайм», – деди.

Салтанаттын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин так жана ак ниеттүүлүк менен аткарып, өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлер Ардак грамоталар жана Алкыш каттар менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын ИИББгы бардык мырзаларды 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайт, ар бириңиздерге бекем ден соолук, кызматтык милдеттерин аткарууда ийгиликтерди, үй-бүлөңүздөрдө тынчтык жана аманчылык, ал эми мамлекетибизге туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайбыз.

 

Последние новости