www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында соңку бир ай ичинде бир нече өспүрүмдүн дайынсыз жоголушу коомчулукту тынчсыздандырууда. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 20-январдан 19-февралга чейин борбор калаадагы “Ак ниет” балдар үйүндө тарбияланып жаткан алты өспүрүм ар кайсы күндөрү чыгып кетип, кайтып келишкен эмес.
Алгачкы учур 20-январда катталган. 16 жаштагы Лилия Токтомушева Жал кичирайонунда жайгашкан №72 мектептен саат 14:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Андан кийин 12-февралда 16 жаштагы Билал Мусурманкулов балдар үйүнөн кечки саат 19:30да чыгып кеткен. 13-19-февраль аралыгында дагы төрт тарбиялануучу, атап айтканда 15 жаштагы Нурболот Замирбеков, 15 жаштагы Кристина Суханова, 15 жаштагы Ислам Токтогулов жана 17 жаштагы Айданек Дүйшеева ар башка күндөрү мектептен же мекемеден чыгып, кайра кайтып келишкен эмес.
Бул фактылардын баары каттоого алынып, тергөө иштери Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ошол эле маалда шаарда дагы эки кыздын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. 11-январда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы 18 жаштагы Мадина аттуу кыз жоголгону боюнча арыз кабыл алган. Ал эми 25-январда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы 18 жаштагы Чолпонай Калмаматованын 16-январда 11-кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткенден бери кайтып келбегени тууралуу кайрылууну каттаган.
Бишкек милициясы дайынсыз болуп жаткандар тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандарды 102 кыска номерине же төмөнкү номерлер аркылуу милицияга билдирүүнү суранууда:
+996 224 214 346
+996 706 575 793
+996 702 519 806
+996 550 102 238