www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын каржы регуляторлору кытай банктарына АКШнын мамлекеттик облигацияларына инвестицияларды чектөөнү жана эски активтерди сатуу боюнча көрсөтмө беришти. 

Эксперттердин баамында, бул кадамдын себеби АКШнын карызынын өсүшү, геополитикалык тобокелдиктерге байланыштуу экени айтылууда. 2012-жылы Кытайда 1,3 триллион долларлык АКШнын облигациялары бар болсо, 2022-жылы бул сумма 682,6 миллиард долларга түшкөн.

Учурда АКШга чет өлкөлүк инвесторлордун жалпы инвестициясы 9,355 триллион долларды түзөт. 

Кытай доллардан чыгуу менен алтын жана БРИКС+ инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды көбөйтүп, активдерин диверсификациялоого багыт алууда. Мисалы, Россиянын эл аралык резервдеринин 40% азыр алтында сакталат жана Кытай да ушуга окшош стратегияны колдонуп жатат.

Бул стратегия АКШнын карызын тейлөөнү кымбаттатат жана доллар системасына дүйнөлүк ишенимди төмөндөтөт.

Последние новости