www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасына ылайык, «КУЭТ» ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы — бир катар ири иштерди жүргүздү.
2025-жылы Бишкек шаарында калк жыш жайгашкан жана керектөөчүлөрдүн саны өсүп жаткан аймактардагы 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды:
• 110/10 кВ «Көк-Жар» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылды;
• 110/10 кВ «Орто-Алыш» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылды;
• 110/10 кВ «Алтын-Казык» көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВАга алмаштырылды;
• 110/10 кВ «Берлик» көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВАга алмаштырылды;
• 110/10 кВ «Водоканал» көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылды;
• 110/10 кВ «Карагачевая» көмөк чордонунда 4 МВА трансформатор 6,3 МВАга алмаштырылды;
• 110/10 кВ «Төмөнкү Ала-Арча» көмөк чордонунда 4 МВА трансформатор 6,3 МВАга алмаштырылды.
Жүргүзүлгөн иштер электр тармактарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түздү.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата дагы эки көмөкчү чордондун кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда:
• 110/10 кВ «Кызыл-Аскер» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылат;
• 35/6-10 кВ «Центральная-3» көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылат.
Иштер каскаддык ыкма менен аткарылып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.
Акыркы жылдары Бишкек шаарында жаңы турак жай конуштары, өндүрүштүк жана социалдык объекттер көбөйүп, электр тармактарына түшкөн жүктөм артты. Ушуга байланыштуу күч трансформаторлорунун кубаттуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жаралууда.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында электр тармагынын туруктуулугу жогорулап, калк жана мекемелер сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болууда.
Электр менен камсыздоо боюнча суроолор жаралган учурда төмөнкү номерлерге күнү-түнү кайрылсаңыздар болот:
105
+996 772 001 209
+996 556 001 209