www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 23-мартында, Бишкек шаарына Кытай Эл Республикасынан делегация Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн келди.
Кытайдан келген катышуучулар ар кандай чыгармачылык багыттарда өз өлкөсүнүн атынан чыгып, жаштардын маданий байлыгын жана көркөм мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшөт.
Бул оюндар ШКУнун колдоосу астында биринчи жолу өткөрүлүп, эл аралык байланыштарды чыңдоого, маданий алмашууну өнүктүрүүгө жана ар түрдүү өлкөлөрдүн жаштарынын ортосунда достукту бекемдөөгө маанилүү аянтча болуп кызмат кылат.
Иш-чара Бишкек шаарында 2026-жылдын 23-мартынан 28-мартына чейин өтөт. Программага сегиз сынактык номинация кирет: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптарда ойноо жана колдонмо-декоративдик искусство.

