www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эски имаратта тутанган өрт саат 18:07де чектөөгө алынып, 20:09да толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыкты өчүрүүгө саат 17:13төн тарта төрт күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган. Алар кырсык болгон жерге барып, ыкчам аракеттерди көрүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсү берген маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 700 чарчы метрди түзгөн.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Маалымат КР ӨКМнин Пресс-борборунан алынды.

Последние новости