www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында өз ишин активдүү алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, КР мыйзамдарына ылайык, таштанды жана жалбырактарды өрттөөгө тыюу салынат. Эреже бузгандар айыпка жыгылат. Айыптын суммасы жеке жактар үчүн 7 миң 500 сомду, ал эми юридикалык жактар үчүн 23 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, шаардагы жашыл аймактарды сактоо боюнча рейдик иштер улантылууда. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, айрым айдоочулар эскертүүлөргө көңүл бурбай, унааларын жашыл аймактарга токтотуп кетишүүдө.

Белгилесек, М.Фрунзе жана Ж.Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ж.Баласагын атындагы КУУнун башкы корпусунун айланасындагы жашыл аймакка унааларын токтоткон айдоочуларга карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протоколдор түзүлдү.

Муниципалдык инспекция шаардыктарга унааларын жашыл аймактарга токтотпоону эскертет. КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, жашыл аймакка унаа токтоткон жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости