www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга сатып алуу пландалып жаткан автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана коюлган талаптар тааныштырылды. Тактап айтканда, тар көчөлөрдө эффективдүү жүрө ала турган, конуштарды тейлөөгө ылайыкталган 625 даана кичи автобус сатып алуу маселеси каралууда.
Муниципалитет жеткирүүчүлөрдү тандоодо баа менен сапатына, ошондой эле коопсуздук, экологиялык талаптар жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуулук сыяктуу заманбап стандарттарга ылайык келүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Жыйынга 12ден ашуун автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, алдыдагы сатып алуу боюнча бардык жагдайлар боюнча түшүндүрмө алышты.
Жыйындын жыйынтыгында компанияларга сунушталган талаптарды кеңири изилдеп чыгып, белгиленген мөөнөттө коммерциялык сунуштарын даярдоо үчүн убакыт берүү чечими кабыл алынды.
Коммерциялык сунуштар алынгандан кийин Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин адистери аларды талдап чыгып, анын негизинде Бишкек шаары үчүн жеткирүүчү жана автобустардын конкреттүү модели тандалат.






