www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинде автотранспорт кыймылы үчүн Фучик көчөсүнүн чыгыш бөлүгү - Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилке жабылды.
Жүргүзүлүп жаткан иштер канализациялык коллектордун жайгашуу тереңдигине чейин (3–4 метр) нымдалган топуракты толугу менен алмаштырууну, шагыл-кум аралашмасын пайдаланууну, ошондой эле жолдун негизин шагыл аралашмасы менен катмарлап тыгыздоону жана андан соң асфальт төшөөнү камтыйт.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 27-январында Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө авария катталып, анын кесепетинен Фучик көчөсүндө 2023-жылы курулган диаметри 1000 мм болгон канализациялык коллектордун траншеясына суу кирген. Натыйжада жол кыртышында жергиликтүү чөгүүлөр пайда болгон.
«Бишкексууканал» ишканасы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.