www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогору Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. 

Эми БШК Абировдун арызын канааттандырса, Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына кайра шайлоо өтүшү керек. 

Мындан улам, азыртадан эле Абировдун мандаты бошосо, ал орунга ким депутат болуп келсе татыктуу болот дешип, фейсбук социалдык тармагында кызуу талкуу жүрүп жатат. 

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэри кызматын тарта албай жаткан Эмил Абдыкадыров Ленин районунан бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке талапкер болуп чыгышы мүмкүн экени айтыла баштады. 

Себеби, анын мэрлик кызматтан жакын арада кетээри, ордуна Темир Сариев келет деген сөздөр айтылып жатат. Демек, Абдыкадыровго Абировдун бошогон орду устукан катары тартылышы ыктымал. 

Негизи, мэрлик кызматты тарта албай жаткан Эмилбек Абдыкадыровдун эчен жылдан берки кыялы, максаты Жогорку Кеңештин депутаты болуу... Өмүр бою «депутат болсом» деп, шайлоо сайын талапкерлигин коюп, тилекке каршы, канчалаган миллиондорду сапырган менен эч эле максатына жеткен эмес. Эми акыркы мүмкүнчүлүгүн сынап көрөт окшойт. Окуялардын өңүтү ошого алып баратат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости