www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчи кызматкерлери ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Биринчи май райондук ИИБдин жетекчисинин орун басары жана Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кармалды.

Алар алдын ала сүйлөшүп алып, А.М.М. аттуу жаранга карата кылмыш ишин козгошкон. Андан кийин бул ишти токтотуп берүү үчүн ортомчу катары юридикалык өкүл К.А.Т. аркылуу жабырлануучунун уулу М.У.М.дан 30 миң доллар талап кылышкандыгы аныкталган.

Ал эми М.У.М. тарабынан талап кылынган акчанын 20 миң доллары К.А.Т.ка берилген. Ал өз аракеттерине мыйзамдуу көрүнүш берүү максатында аталган акчаны Биринчи май райондук милициясынын кызмат адамдарына өткөрүп берүү максатында Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын бирине калтырган.

Жүргүзүлгөн беттештирүүлөрдүн жана башка тергөө иш-аракеттеринин негизинде Биринчи май райондук милициясынын башчысынын орун басары А.Н.А. жана Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы А.И.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Последние новости