www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-июлга караган түнү Бириккен Араб Эмираты (БАЭ) Марска “Аль-Амаль” (Үмүт) деп аталган автоматташтырылган спутникти учурду. Жапониянын H-IIA ракета-алып жүрүүчүсү менен Танэгасима аралындагы космодромдо учурулган “Аль-Амаль” кызыл планетага жети айдын ичинде жетет деп күтүлүүдө. Спутник 430 чакырым бийиктикте ракета-алып жүрүүчүдөн ийгиликтүү ажырады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, «Аль-Амалдын» салмагы 1350 килограммды түзөт. Ал эки күн батареясы, көп каналдуу камера, инфракызыл жана ультрафиолет спектрометрлер менен жабдылган. Алгач ракетаны учуруу 14-июлга белгиленген, бирок аба ырайына кийинкиге жылдырылган.

БАЭ бийлиги миссиянын максаты — атмосфераны, климаттык шарттарды жана жыл мезгилдеринин алмашуусун изилдөө экенин билдирди. Анын баасы 200 миллион долларды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости