www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлерине электрондук жазылуу иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ооруп жаткан адам онлайн түрүндө керектүү дарыгерге жазылса болот. Мындан ары медициналык амбулатордук карталар пациенттердин келип кеткени, оорусу тууралуу бүт маалыматты камтып турат, башкача айтканда дарыгерлердин жумушун жеңилдетет. 
Бул жаңылык тууралуу аз эле адам билет, себеби электрондук жазылуу ушул жылдын ноябрь айынан баштап гана иштеп баштады.

Система Бишкекте жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборлорунун баарында иштеп жатат. Ошондой эле, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында иштеген адистер да окутулду. Жакында системаны иштеп чыккандар Ош жана Жалал-Абад облустарына,  ал эми жылдын аягына чейин Баткен облусуна киргизүүнү убада кылышты.

Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн registratura.med.kg сайтына кирип, “дарыгерге жазылуу” деген баскычты басканда кийинки пунктка автоматтык түрдө өтөсүз. Ал жактан телефон номериңизди жана паспорттогу ИИН жазасыз. Андан кийин сиз өзүңүз тууралуу маалыматты жазуу үчүн атайын бет ачылат. Ошол жактан баардык маалыматты көрсөтүп, кимге, кайсы бөлүмгө, кайсы күнгө жана убакытты тактап жазасыз. 
Онлайн түрүндө жазылгандан кийин үй-бүлөлүк медицина борборуна барганда регистратурадан талон берилет. Ошол талон менен дарыгерге барасыз.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости