www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Мындай чектөө чаралары борбордо боло турган Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусуна байланыштуу киргизилип жатканы белгиленди.
Ага ылайык, төмөнкү көчөлөр маал-маалы менен жабылмакчы:
"Манас" аэропортунан Бишкекке чейинки жол;
Фучик көчөсү (шаар четинен Чүй проспектине чейин);
Чүй проспекти (Фучик көчөсүнөн Манас проспектине чейинки чыгыш багыт);
Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери ("Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүк);
"Ала-Арча" резиденциясынан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жол тилкеси.