www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР УКМК тарабынан айрым мектептердин директорлору тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу жана пара алуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Токтогул районунун №4 Н.Бримкулов атындагы орто мектебинин директору Ш.Б.Ж., Сузак районунун № 2 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин директору Ю.Г.Р. жана Сузак районундагы №65 А.Юнусов атындагы орто мектебинин директору А.Н.З. «мектептин муктаждыгы үчүн» деген шылтоо менен мугалимдерден мажбурлап акча талап кылуу менен алектенип, системалуу түрдө ишке орноштуруу үчүн пара алып, Россия Федерациясынын аймагында эмгек миграциясында жүргөн бүтүрүүчүлөргө мыйзамсыз аттестат берүүнү уюштурушкан.
Мындан тышкары, №94 орто мектебинин директору Н.Г.Р. жана Сузак районундагы №4 орто мектебинин директору Ш.Г.Т. мугалимдерден ушул сыяктуу мыйзамсыз опузалоолорду жана коррупциялык схемаларды уюштургандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында №2 мектептин директору Ю.Г.Р. кармалды; ал мектепте аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн атайын кызматтын кызматкерине 500 миң сом пара берүүгө аракет кылган.