www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта акимдин орун басары кармалды

Сокулук районунда айыл чарба багытындагы жерлердин ири ээликтери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схемалар аныкталды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө белгилүү болгондой, айыл чарба багытындагы ири жер ээликтери, өзгөчө ири көлөмдө пайда көрүү максатында, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдарынын түздөн-түз көмөгү менен, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз түрдө жеке турак жай курулушуна арналган жерлерге которуп, андан ары жарандарга сатып келишкен.

Ошондой эле ири жер ээлери бир эле жер тилкелерин бир нече жаранга сатып, натыйжада жарандар акчасыз жана үй-жай курууга абдан зарыл болгон жер тилкелерсиз калышкандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Чүй ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында буга чейин ири жер ээлери болуп саналган 5 жаран (К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А.) кармалган.

2025-жылдын 16-сентябрында аталган кылмышты жасоого шектелип, КР ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде 1983-жылы туулган Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүрүп жатат, башка адамдардын да кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Последние новости