www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жаштагы бала 9-кабаттан  учуп кетип, аман калды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Окуя,  25-ноябрь күнү саат 16:40 чамасында   Москванын түштүк-чыгышындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде  катталган.  Баланын апасы бир нече мүнөткө азык-түлүк  сатып алганы дүкөнгө чыгып кеткен учурда болгон.

Экинчи кабатта жашаган аялдын терезесинен жаш баланын ыйлаганы угулган.  Терезеден ал  аял дүкөндүн чатырындагы, кардын үстүндө  кышкы  куртка, ботинка  кийип турган 5 жаштагы баланын конуп турганын көргөн.  Бала учуп түшкөндөн кийин бир азга жатып (сыягы шок абалда),  андан кийин чатырдын үстүндө баса баштаган.

Аял коркконунан көчөгө чыгып элден жардам сурамак болгондо, астынан баланын апасы азык-түлүк көтөрүп келе жаткан. Баласы 9-кабаттан учуп кеткенин уккан эне, баштыгын таштап батирди көздөй  жүгүргөн.  Көрсө, апасы дүкөнгө кеткенде бала жылуу кийинип,  терезени ачып ал жактан  учуп кеткен экен.

Чатырдан баланы ӨКМ кызматкерлери түшүрүшкөн. Ал эми бала оор абалда ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости