www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-ж. 7-мартында Эл аралык аялдар күнүнүн алдында Фландрияда “Ala Too Belgium” кыргыз диаспора уюмун ачылыш аземи өттү. Кыргыз Республикасынын Элчилигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чара Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы маданий көпүрөлөрдүн бекемделишин, ошондой эле мекендештер арасында гендердик теңчилик жана дени сак жашоо образынын баалуулуктарын жайылтууну символдоштурду.
Бален шаарынын мэри С.Лейсен, Бален шаарынын спорт боюнча жергиликтүү кеңешинин депутаты М. Ван де Брок жана Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы Элчиси А.Эркин куттуктоо сөздөрүн айтышты. Аземдин жүрүшүндө Элчилик эстелик белектерди жана “Ala Too Belgium” уюмунун ишмердүүлүгү үчүн ыктыярдуу каржылык салымды тапшырды.
Белгилей кетсек, Белгиядагы кыргыз жамааты үчүн диаспоралык уюмдун түзүлүшү жаңы баскыч болуп гана тим болбостон, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан бекитилген жана жарандык иденттүүлүктү, ошондой эле кыргызстандыктардын патриоттук сезимин бекемдөөгө багытталган “Мен – Кыргыз жараны” улуттук долбоорунун уландысы болуп саналат.