www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минскинин түндүк-батыш тарабына сүрүп таштаганын РИА Новости жазды.

Маалыматка таянсак, оппозициячыл тарап 10-августта милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жерге шейшемби күнү кечинде дагы чогулган.

Милиция аларды шаар четине сүрүп чыгарып жатат. Каршылык көрсөткөндөр жана баш ийбегендер кармалууда.

Аскерлер желим окторду атуучу куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен ал куралдарды колдоно элек. Азырынча калканына дубинканы чапкылоо менен чектелүүдө.

Метро жана ага жакын жердеги дүкөндөр жабылган. Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө атайын даярдыктагы аскерлер жайгаштырылып, абалга көзөмөл жүрүүдө.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкты. Анын атаандашы Светлана Тихановская 10,09 пайыз менен экинчи сапка чыккан.

Белгилей кетсек, Беларусияда шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен милициянын ортосунда кагылышуу чыккан. Акция учурунда үч миңдей адам кармалып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга кылмыш иштери козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости